Жөнөтүү

Чыгуу

Ооба Жок
Колдонуучулук макулдашуу

Ушул Колдонуучулук Макулдашуу (мындан ары – «Макулдашуу») «PSYTest» ресурсун (сервисин) колдонуу боюнча Абонент (мындан ары – «Колдонуучу») менен «Гамма Технолоджи» ЖЧКнын ЖИН 02609201610181 (мындан ары – «Администратор») ортосундагы мамилени жөнгө салат.

1. УШУЛ МАКУЛДАШУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР

1.1 Кызмат - aкыркы колдонуучунун Контенттен колдонуу мүмкүнчүлүгүн шарттаган Керектөөчүлүк программалардын жана техникалык -технологиялык чечимдердин жыйнагы.
1.2 Интернет түйүнү аркылуу Ресурстан колдонууга жетки алган жана андан колдонгон, каттоодон өткөн жеке жак (18 жашка чыккан жана андан жогору жаш курактагы).
Контент
1.3 Көрсөтүлгөн аудиовизуалдык чыгармалар – видеороликтер, окутуу программасы жана колдонуу боюнча нускамалар «Гамма Технолоджи» ЖЧК аларга болгон өзгөчө же жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ. Колдонуучулар алардан Жазылуу үчүн акы төлөгөндөн кийин колдоно алышат.
1.4 Жазылуу Белгиленген төлөм үчүн жана белгиленген убакыттын ичинде Колдонуучуга Контенттен колдонуу укугун берүү.
1.5 Келишимди кабыл алуу – каттоо процедурасынан өтүү (логин жана паролду дайындоо) жана логин баскычын басуу менен Колдонуучу келишими менен таанышууну ырастоо. Макулдашуу Акцептин ишке ашыргандан кийин Колдонуучу ушул Макулдашуунун шарттарын сөзсүз түрдө жана толугу менен кабыл алган болуп эсептелет.
Аймак
1.6 Аймак. Кыргыз Республикасынын аймагы.

2. МАКУЛДАШУУНУН ПРЕДМЕТИ

2.1 Колдонуучу ушул Макулдашуунун шарттарын толук аткарып, жана да Жазылуу үчүн акы төлөгөн шартта Администратор Колдонуучуга Контенттен колдонуу укугун берет.
2.2 Ушул Макулдашуу Ресурстан (Сервистен) колдонуунун жалпы шарттарын аныктайт.
2.3 Администратор материалдык эмес жана кайтарууга жатпаган Кызматтарды көрсөткөндүктөн, Колдонуучу Сервистин акы төлөнүүчү функционалынан колдонуу үчүн төлөнгөн акча каражаттары кандай гана жагдай болбосун кайтарылбай тургандыгына макул болот.
2.4 Ресурсту (Сервисти) колдонуу үчүн Колдонуучу ушул Макулдашууда белгиленген тартипке ылайык, ушул Макулдашууну окуп чыккандыгын, түшүнгөндүгүн, макул экендигин тастыктоого жана каттоодон өтүү жолу менен (Макулдашууну Акцепттөө) ушул Макулдашууга толугу менен кошулууга милдеттүү. Колдонуучу тарабынан Макулдашуу Акцептелгенден кийин Колдонуучу менен ушул Макулдашуу түзүлгөн болуп эсептелет жана Колдонуучу ушул Макулдашууда каралган укукка ээ болуп, милдеттерди аткарууга милдеттенет.
2.5 Администратор Колдонуучуга алдын ала жана (же) кийин эскертпестен каалаган учурда өз каалоосу менен Макулдашууну өзгөртүп же ага кошумча киргизүу укугун өзунө калтырат.
2.6 Ресурста (Сервисте) колдонулуучу жана жайгаштырылган Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары, жана да Ресурс (Сервис) өзү алардын мыйзамдуу укук ээлеринин интеллектуалдык менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамы, жана да тиешелүү эл аралык укуктук конвенциялар менен корголот. Ресурста (Сервисте) жайгаштырылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын (анын ичинде Ресурстун (Сервистин) визуалдык жасалгасынын элементтерин, символикасын, тексттерин, графикалык сүрөттөрүн, иллюстрацияларын, фотосүрөттөрүн, видеолорун, программаларын, музыкасын жана башка объектилерин) Ресурстун (Сервистин) Администраторунун же мыйзамдуу укук ээсинин уруксатысыз колдонуу мыйзамсыз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук териштирүүлөр үчүн жана тартип бузуучуларды жарандык-укуктук, административдик жана жазык жоопкерчилигине тартууга себеп боло алат.
2.7 Ресурста (Сервисте) жайгаштырылган Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарынан колдонуу мүмкүнчүлүгү Администратор тарабынан Колдонуучунун жеке коммерциялык эмес колдонуусу үчүн Ресурс (Сервис) аркылуу гана тааныштыруу максатында, интеллектуалдык ишмердүүлүктүн көрсөтүлгөн жыйынтыктарын Колдонуучулардын электрондук түзмөгүнө кайрадан иштеп чыгуу укугусуз (анын ичинде көчүрүү/жүктөө), жана да ушул Макулдашууда белгиленбеген интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын колдонуу укугусуз, анын ичинде сатуу, модификациялоо, толугу менен же бөлүп жайылтуу ж.б. укуктарысыз берилет.
2.8 Ресурсту (Сервисти) же анда жайгаштырылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын Макулдашууда уруксат берилгенден же мындай колдонууга автордун(укук ээсинин) ачык көрүнүп турган макулдугу менен колдонуудан тышкары учурларда, укук коргоочунун жазуу жүзүндөгү уруксатысыз колдонууга тыюу салынат.
2.9 Колдонуучу Ресурсту жана (же ) Ресурстун кайсы бир бөлүктөрүн Администратордун же интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарынын ыйгарым укуктуу укук ээлеринин макулдугусуз, кайрадан иштеп чыгууга, кайталоого, көчүрүп алууга, сатууга, алып сатууга, жана да кандайдыр бир коммерциялык максаттар үчүн пайдаланууга укуксуз.
2.10 Ресурста (Сервисте) катталуу менен, Колдонуучу өз абоненттик номуруна жазылуунун шарттары, сунуштар, акцияларды өткөрүү жана башка билдирүүлөрдүн келе тургандыгына макулдугун билдирет.
2.11 Ушул Макулдашууну Акцепт кылуу жолу менен Колдонуучу жана Колдонуучунун Ресурсту (Сервисти) колдонгондугу тууралуу маалыматты(катталуунун жыйынтыгында алынган бардык маалыматты) Администратордун топтоосуна жана пайдалануусуна Колдонуучу өз макулдугун билдирет. Администратор мындай маалыматты техникалык тейлөө, талаш-тартыштарды жөнгө салуу, маркетинг жана башка ушул сыяктуу максаттар үчүн колдонот.

3. ЖАЗЫЛУУ

Ушул Макулдашуунун 2.1 -п. көрсөтүлгөн Укуктар Колдонуучуга Жазылуу үчүн акы төлөнгөн шартта берилет:
3.1 Кызматта жайгаштырылган Мазмунга Администратор тарабынан берилген кирүү укугу үчүн суткасына 5 (беш) сомду түзгөн жазылуу.
3.2 Жазылуу кызматын акивдештиргенден кийин төлөм жургүзүүнү Колдонуучунун катышуусуз эле каражаттарды автоматтык түрдө эсептен чыгаруу жолу менен туруктуу негизде ишке ашырууга болот. Кызмат Колдонуучу өзү өчүргөнгө чейин көрсөтүлө берет. Колдонуучу жазылууну каалаган учурда өчүрө алат, болгону тиешелүү USSD буйрууну терүү же кызматтын кыска номуруна жазылууну өчүрүү буйруусун жөнөтүү жетиштүү.
3.3 Жазылуу наркы ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен Администратор тарабынан бир тараптуу өзгөртүлушү мүмкүн.

4. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

4.1 Колдонуучунун укуктары:
4.1.1 Жазылуу үчүн төлөм жүргүзгөн шартта (Сервис) тарабынан берилүүчү бардык функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү толук кандуу пайдаланышы керек.
4.2 Колдонуучунун милдеттери:
4.2.1. Ушул Макулдашуунун шарттарын сактоо;
4.2.2 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ушул Макулдашууда тыюу салынган аракеттерди аткарбоо;
4.2.3 Ресурстун (Сервистин) ишин туруксуздандырууга багытталган, Ресурсту (Сервисти), анда жайгаштырылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын уруксатсыз колдонуу аракеттерин аткаруудан, Администратордун жана/же үчүнчү жактардын укуктарын бузуучу башка бардык аракеттерди аткаруудан баш тартуу;
4.2.4 Колдонуучунун каттоо жазуусунун сакталышын камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү жана Ресурста анын каттоо жазуусу (логин жана жашырын сөз) менен кирип аткарылган аракеттер үчүн жооптуу. Үчүнчү жактардын Колдонуучунун каттоо жазуусу менен кирип Ресурстан (Сервистен) колдонгон бардык учурлары тууралуу Колдонуучу Администраторго ошол замат билдирүүгө милдеттүү. Колдонуучу Ресурска (Сервиске) кирүү үчүн каттоо жазуусун Администратордун макулдугусуз үчүнчү жактарга берүү, сатуу, колдонууга берүү укугуна ээ эме.
4.3 Администратордун укуктары:
4.3.1 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Макулдашууга ылайык, Ресурстун (Сервистин) түзүмүн, түзүлүшүн жана сырткы көрүнүшүн аныктоо, Ресурстан (Сервистен) колдонууга уруксат берүү же чектөө;
4.3.2 Ресурсту (Сервисти) коммерциялык колдонууга байланыштуу, анын ичинде Ресурска (Сервиске) жарнаманы жайгаштыруу, өнөктөштүк программаларга катышуу ж.б. суроолорду чечүү;
4.3.3 Ушул Макулдашуу Колдонуучу тарабынан бузулган учурда, алдын-ала маалымдоо менен, же маалымдабастан жана мындай аракеттердин негизинде келтирилген зыян үчүн жооп бербестен(анын ичинде Колдонуучунун каттоо жазуусун Ресурстан өчүрүү менен Макулдашууну толугу менен бузуу, мындай Колдонуучунун Ресурстун (Сервистин) бардык же кайсы бир бөлүмүн колдонуусун бир тараптуу токтотуу же чектөө, жана да Колдонуучулар үчүн Ресурстан (Сервистен) колдонуу мүмкүнчүлүгүн каалаган учурда бөгөттөө(авторизациялоону жана/же IP-даректи бөгөттөө);
4.3.4 Макулдашуунун алкагында укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу максатында каалаган үчүнчү жактарды тартууга;
4.3.5 Белгиленген жаш курактагы аудитория үчүн иштелип чыккан Ресурста (Сервисте) жайгаштырылган Контенттен колдонууда жаш курагы боюнча чектөөлөрду белгилөөгө укуктуу, бул Администратор тарабынан көрсөтүлгөн жаш куракка жете электер мындай Контентти көрбөй турганга милдеттенет дегенди билдирет, бул тууралуу Администратор Колдонуучуга Ресурста (Сервисте) маалымат продукциясынын белгилерин көрсөтүү аркылуу же Колдонуучу белгилүү аудитория үчүн иштелип чыккан Контентти көрүүгө аракет жасаган учурда маалыматтык билдирүүлөрдү жөнөтүү аркылуу маалымдай алат.
4.4 Администратордун милдеттери:
4.4.1 Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде ушул Макулдашууда белгиленген тартипте Колдонуучунун Ресурстан (Сервистен) колдонуусу үчүн техникалык мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу.
4.4.2 Ресурсту (Сервисти) учурдагы башкарууну иш жүзүнө ашыруу.

5. КОЛДОНУУЧУНУН КЕПИЛДИКТЕРИ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ

5.1 Колдонуучу логиндин жана жашырын сөздүн коопсуздугу үчүн, жана да авторизациядан өткөндөн кийин анын логини жана жашырын сөзү менен кирип Ресурста (Сервисте) аткарылган бардык аракеттер үчүн жооптуу. Администратор белгиленген логиндерди колдонууга тыюу салуу жана /же колдонуудан алып салуу укугуна ээ. Колдонуучу анын логини жана жашырын сөзү аркылуу уруксатсыз колдонулган учурда жана/же коопсуздугу бузулган бардык учурда бул тууралуу токтоосуз түрдө Администраторго билдирүүсү керек. Колдонуучу тарабынан Макулдашуунун ушул бөлүгүнүн жоболорунун бузулгандыгынын негизинде келип чыккан( мүмкүн болгон ) маалыматтардын жоголуп кетүүсү же өзгөртүүгө учуроосу (бузулуусу) үчүн Администратор жооп бербейт.
5.2 Логинди/жашырын сөздү үчүнчү жакка берген учурда, жоопкерчилик толугу менен Колдонуучунун өзүнө жүктөлөт. Сиздин каттоо жазүүңузга уруксатсыз кирүүнун негизинде тартылган зыян үчүн Администратор жооптуу болбойт.
5.3 Ушул Макулдашуунун шарттарынын аткарылышы үчүн Колдонуучу Администратордун алдында жооптуу.

6. АДМИНИСТРАТОРДУН ЖООПКЕРЧИЛИГИН ЧЕКТӨӨ

6.1 Ресурстан (Сервистен) колдонуу мүмкүнчүлүгү Колдонуучуга «КАНДАЙ БОЛСО ОШОНДОЙ» шарттарда көрсөтүлөт жана Администратор аны колдонуу боюнча да, анын иштөөсү боюнча да эч кандай кепилдик жана күбөлөндүрүү бербейт.
6.2 Администратор өз каалоосу боюнча каалагандай себеп менен же себепсиз, Ресурста (Сервисте) жайгаштырылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн каалаган жыйынтыктарын (Контентти кошуу менен) эч кандай чектөөсүз өчүрүп же ордун которо ала тургандыгын Колдонуучу түшүнөт жана макулдугун билдирет.
6.3 Каталар, ката кетирип алуулар, өчүрүүлөр, кемтиктер, маалыматты иштеп чыгуунун жана маалымат өткөрүүнүн кечиктирилиши, байланыш линияларынын үзгүлтүккө учурашы, уурдалып кетүүсү, жок кылынышы же Ресурста (Сервисте) жайгаштырылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына үчүнчү жактардын уруксатсыз кирүүсү үчүн Администратор жооптуу эмес. Администратор телефон түйүндөрүнүн же кызматтарынын, компьютердик системалардын, серверлердин же провайдерлердин, компьютердик же телефондук жабдуунун, программалык камсыздоонун техникалык мүчүлүштүктөрү, электрондук почтанын же скрипттердин сервистеринин техникалык себептер боюнча иштен чыгуулары үчүн жооптуу эмес. Мындан тышкары, Администратор Ресурстун (Сервистин) толугу менен же анын бөлүктөрүнүн(кызматтарынын) Колдонуучулардын күтүүлөрүнө шайкеш келүүсү, Ресурстун (Сервистин) үзгүлтүксүз жана катасыз иштөөсү үчүн, Колдонуучунун Ресурстан (Сервистен) жана Ресурста (Сервисте) жайгаштырылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарынан колдонуу мүмкүнчүлүгүн токтотуу, Ресурстун (Сервистин) айрым кызматтарына жеткини камсыздоочу Колдонуучунун логинин жана жашырын сөзүнүн сакталышы, аппараттык же программалык камсыздоонун техникалык мүчүлүштүктөрүнө байланыштуу себептерге байланыштуу келип чыккан зыян тартуулар үчүн жооптуу эмес.
6.4 Администратор Колдонуучунун же башка жактын электрондук түзмөктөрүнө, мобилдик түзмөктөрүнө, ж.б. жабдуусуна же программалык камсыздоосуна Ресурсту (Сервисти) колдонууга байланыштуу келтирилген зыян үчүн жооп бербейт.
6.5 Кандай гана жагдай болбосун, Ресурста (Сервисте) жайгаштырылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын же Ресурсту колдонууга байланыштуу келип чыккан ишкердик аброюна, кадыр-баркына же намысына шек келтирүү, түз, кыйыр, кокусунан келтирилген зыян үчүн, жана да колдон чыгарылган пайда же жоголгон маалыматтар үчүн Колдонуучунун же башка үчүнчү жактардын алдында Администратор жооптуу эмес. Ресурсту (Сервисти) колдонууга байланыштуу келип чыккан эреже бузуулар үчүн Администратор тарабынан Колдонуучуга төлөнүп берилүүчү сумма 5000 сом (беш миң )өлчөмүндө чектелгендиги менен Тараптар макул.
6.6 Администратор Колдонуучу же үчүнчү жактардын алдында төмөндөгүлөр учүн жооптуу эмес:
6.6.1 Колдонуучунун Ресурстагы (Сервистеги) аракеттери;
6.6.2 Колдонуучу тарабынан Ресурстан(Сервистен) алынган/колдонулган маалыматты колдонуунун кесепеттери үчүн;
6.6.3 Колдонуучунун Ресурсту (Сервисти) колдонуусуна байланыштуу үчүнчү жактар Администраторго доомат койгон учурда, Колдонуучу үчүнчү жактар тарабынан коюлган дооматтарды өз күчү менен жана өз эсебинен жөнгө салып, Администраторду мүмкүн болуучу чыгымдардан жана териштирүүлөрдөн коргоп калууга милдеттүү.

7. ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЖОБОЛОР

7.1 Ушул Макулдашуу жана Администратор менен Колдонуучунун ортосундагы мамиле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. Макулдашуу менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилүүгө жатат.
7.2 Эгерде тигил же бул себептер боюнча ушул Макулдашуунун кайсы бир шарттары жараксыз болсо же юридикалык күчкө ээ болбосо, бул чындыкка жана Макулдашуунун башка шарттарынын колдонуучулугуна таасирин тийгизбейт.
7.3 Тараптардын мамилелеринен келип чыккан, ушул Макулдашуу менен жөнгө салынган бардык талаш-тартыштар Администратордун турган жери боюнча компетенттүү сотто, талаштарды сотко чейин жайгаруу тартибинин милдеттүү түрдө сакталышы менен чечилишине тараптар макул. Макулдашуунун ушул пунктунда Ресурстун (Сервистин) иштөөсүндөгү техникалык көйгөйлөргө байланыштуу талаштарды жайгаруу тартиби Тараптардын сот органдарына кайрылуусунда милдеттүү боло тургандыгын Тараптар түшүнөт жана макулдугун билдирет.